АКШнын мамлекеттик катчысынын Конгресстеги сөзү

Жон Керри ИШИМге каршы фронттун бир канча миң кишиден турган 7 топ болоорун белгиледи.

132035
АКШнын мамлекеттик катчысынын Конгресстеги сөзү

АКШ нын мамлекеттик катчысы Жон Керри Конгресстин тышкы байланыштар комитетинде сүйлөгөн сөзүндө Сирияда он миңдеген кишинин ИШИМге каршы болгонун айтты.
Керри кайсы топторго жардам бере турганы жөнүндөгү суроого Сирияда ИШИМге каршы согушкан лаик жана башка топторго жардам бере тургандарын айтты.
ИШИМге каршы фронттун канча кишиден турат деген суроого Жон Керри, бир канча миң кишиден турган 7 топ болоорун белгиледи.
Керри жардам бере турган топтордун ысымдарын атаган жок.
АКШ Конгрессинин тышкы байланыштар комитетине кат жолдогон "Эркин Сирия" армиясынын аскердик кеңешинин башчысы, генерал Абдуллах аль-Бешир да Асад режимине жана ИШИМге каршы согуша тургандарын билдирди.
Аль-Бешир ИШИМдин лидери Багдадини жеңгенге чейин күрөштөрүн уланта тургандарын айткан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар