НАТО саммити

Галлердеги НАТО саммити эл аралык кризистердин коштоосунда башталды

114565
НАТО саммити

New Port шаарында болгон саммитте Орусия катуу тил менен сынга алынды. ИШИМ менен күрөштө Ирак өкмөтүнө жардам берүүгө чечим чыгарылды.
НАТО саммити ушул кезге чейинки көп катышуучу катышкан саммит болду. 28 мүчө өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчылары менен бирге Афганстанда кызмат кылган көп улуттуу күчкө колдоо берген 27 өлкөнүн лидерлери менен Европа Биримдиги, БУУ сыяктуу эл аралык мекемелердин жетекчилери саммитке катышышты.
Англиянын премьер – министри Дэвид Кэмерон саммиттин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө биримдиктин көп сандаган коркутуу жана коркунучтар менен бетме – бет экенин айтып, Украина, Ирак жана Сириядагы абалдарга көңүлдөрдү бурду. Саммиттин биримдик тарыхынын абдан орчундуу баскычында өткөрүлгөнүн баса белгилеген Кэмерон Иракта жаңы бир өкмөт курулбастан Англиянын ИШИМге каршы жасала турган абадан кол салууларга катышпай турганын баса белгиледи.
Англиянын премьер – министри мунун ордуна ИШИМ менен согушуу үчүн пешмергелерге курал жардамын берүүнү ойлошкондорун белгиледи. Саммитте мүчө өлкөлөрдүн Украинага аскердик жардам берүүсү күн тартибине келди, бирок Украинанын НАТО мүчөлүгү боюнча талабына азырынча жашыл жарык жаккан жок. Саммитте Англия, Америка, Франция, Германия жана Италиянын лидерлери Украинанын мамлекет башчысы Петро Парашенко менен сүйлөштү. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен биримдиктин чыгышта Орусия, түштүктө болсо ИШИМ коркунучу менен бетме – бет экенин, бул коркутууларга каршы чара көрүшөрүн баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар