Кытай дубалы үчүн фонд түзүлдү

Кытай дубалы 21 миң 196 километрдик узундугу менен дүйнөнүн эң чоң тарыхый курулушу катары билинүүдө

111349
Кытай дубалы үчүн фонд түзүлдү

Кытай дубалынын сакталып калуусу үчүн атайын фонд түзүлгөнү билдирилди. «Кытай күндөлүгү» гезитинин кабарына караганда Кытай маданиятын коргоо фондунун Кытай дубалынын коргоого алынуусу үчүн атайын фонддун түзүлгөнү жана жардамдар менен 18, 2 миллион юандын (2, 9 миллион доллар) чогултулганы белгиленди.
Айрыкча чогултулган акчанын каржалуусу тууралуу бир комитеттин түзүлгөнү билдирилди. UNESCO тарабынан 1986 – жылы Дүйнөлүк мурас тизмесине кирген жана Кытайдын маданий символу болгон Кытай дубалы 21 миң 196 километрдик узундугу менен дүйнөнүн эң чоң тарыхый курулушу катары билинүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар