Ок атпоонун пайдасын ким көрдү?

Ок атпоо тууралуу Палестина тарабы менен Израиль тарабы өз ойлорун жар салышууда.

106566
Ок атпоонун пайдасын ким көрдү?

Палестиналык топтор менен Израилдин ортосунда күчүнө кирген ок атпоодон кийин Хамастын саясий кеңсесинин төрага орун басары Исмаил Хание Израилге каршы жүргүзүлгөн акыркы күрөштүн Палестина маселесинин аброюн кайрадан көтөргөнүн жана акыркы 8 жылда Палестинанын туруштугунун өлчөмүн ортого салганын айтты.
Исмаил Хание Газанын батышындагы парламент имараты орун алган аянтта чогулган миңдеген кишиге кайрылды.
Израилдин Газага карай кол салуулары башталган күндөн бери алгач ирет калктын алдына чыккан Хание: «Бүткүл дүйнө күбө болгон жеңиш, жалгыз эле Газанын эмес, Иерусалим, Месжид-и Акса жана бүтүндөй Палестина жерлеринин эркиндикке жетишин максаттаган, жылдап созулган чоң аракеттердин натыйжасы»,-деди.
Бул учурда президенттик аземге катышканы Анкарага келген Палестинанын тышкы иштер министри Раид Малики «Эсенбога» аэропортунда журналисттердин суроолоруна жооп иретинде ок атпоо тууралуу сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүү максатынын Израилдин кол салууларынын соңуна чыгарылышы жана жардамдардын аймакка тез арада жеткирилиши болгонун айтты.
Газада порт жана аэропорттор сыяктуу темалардын бир айдан кийинки сүйлөшүүлөрдө карала турганын түшүндүргөн Малики, шарттар боюнча Палестинанын бардык катмарларынын макулдашкандарын билдирди.
Малики Бириккен Улуттар Уюмунун жолугушууларда арачы катары жардамчы боло турганын ойлогонун да белгилеп өттү.
Туруктуу ок атпоодон кийин алгач ирет Израиль калкына кайрылган Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху болсо Хамастын каалагандарынын эч бирине жетише албаганын алдыга койду. Нетаньяху Израилдин бомбалоосунда Хамастын чоң кыйроого учураганын белгиледи.
Нетаньяху Израилдин узун мөөнөттүү максатынын Газанын куралсыздандырылышы болгонуна дүйнө жүзүн көндүрө алганын айтты.
Бир тараптан Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либерман күчүнө кирген мөөнөтсүз ок атпоого каршы экендигин жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар