Италиянын премьер-министри Маттео Ренци Иракка барат

Ренци Багдад жана Эрбилде жолугушууларды өткөрөт.

96888
Италиянын премьер-министри Маттео Ренци Иракка барат

Италиянын премьер-министри Маттео Ренци Иракка барат.
Ренци Иракка бир күндүк сапар жасайт.
Итальян маалымат агенттиги АНСАнын кабарында, Ренцинин бүгүн Багдад жана Эрбилде жетекчилер менен жолугушууларды өткөрө турганы сөз кылынды.
Кабарда Маттео Ренцинин кечинде болсо кайра Римге кайта турганы белгиленди.
Ирактык күрттөргө курал-жарак жардамы темасынын эртең чогула турган Сенат менен Өкүлдөр палатасында карала турганы жана тышкы иштер министри Федерики Могерини менен коргоо министри Роберта Пиноттинин эл өкүлдөрүн маалыматтандыра тургандары баяндалды.
Бул учурда итальян медиасындагы кабарларда Италиянын ИШИД террордук уюмга каршы пешмергелерге курал-жарак жардамын карап жатканы жана 2 же 3 күндүн ичинде курал-жарак жөнөтүлө турганы сөз кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар