АКШнын Миссури штатында дагы бир кара киши өлтүрүлдү

Полиция бул жолу өздөрүнө бычак кезеген кара кишини атып өлтүрдү.

97473
АКШнын Миссури штатында дагы бир кара киши өлтүрүлдү

Америка Кошмо Штаттарынын Миссури штатына караштуу Фергюсон шаарында абал барган сайын курчуп баратканда, аймакта дагы бир полициялык күч колдонуу окуясы болду.
Полиция бул жолу өздөрүнө бычак кезеген кара кишини атып өлтүрдү.
Фергюсон 18 жаштагы Майкл Браундун полиция тарабынан атылышынан кийин тынчтандыра албай жатканда, жаңы бир окуяга күбө болду.
Шаардан бир канча сакырым алыстыкта эки полиция кызматкери, өздөрүнө жакындап келип бычак чыгарган кара кишини атып өлтүрдү.
Жооптуулар 23 жаштагы адамдын жакындагы дүкөндөн ичимдик жана тамак аш сатып алганын, көчөдө ары-бери басып, жаман мамиле көрсөткөнүн белгиледи.
Бычакчан кишинин полиция кызматкерине 1 метрге чейин жакындап келгени боюнча атылганын жарыялады.
Окуя болгон жерге полиция бөлүктөрү жайгаштырылды жана аймак курчоого алынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар