Ирак саясатында күтүлбөгөн абал

Ирактын жаңы президенти Фуад Махсум менен Маликинин ортосунда өкмөт куруу тууралуу араздашуу болуп жаткан

91810
Ирак саясатында күтүлбөгөн абал

Ирактын премьер – министрр Нури Ел Малики кызматын таштады. Малики өкмөт куруу милдети берилген Хайдар ел – Абадини колдогонун билдирди. Ирактын жаңы президенти Фуад Масум менен Маликинин ортосунда өкмөт куруу тууралуу араздашуу болуп жаткан.
Иракта Шиит Улуттук Биримдик мыйзам мамлекети коалициясынын мүчөсү парламенттин спикеринин орун басары Хайдар ел – Абадини премьер – министрликке талапкер деп жарыялап, президент Фуат Масум да 11 – августта Абадини өкмөт куруу менен милдеттендирген.
Ирактын премьер – министри жана мыйзам мамлекети коалициясынын лидери Нури ел – Малики президент Масумдун Абадини милдеттендирүүсүнө катуу каршы чыгып жана муну : «Ирак конституциясына жасалган сокку» деп мүнөздөп,маселени федералдык сотко алып барган  болчу. 
Улуттук өкмөттү кура албаган, этникалык жана сектанттык түзүлүшү баш - аламан Ирактан бардык топторго бирдей мамиледе эмес экени тууралуу сындарды чогулткан Маликиге акыркы мезгилде керек болсо өлкө ичинде, керек болсо эл аралык тармакта кызматын таштоосу тууралуу кысым жасалып жаткан. Вашингтон жана Тегеран да колдоо берген Абадинин премьер – министрлик талапкерлигине өлкөдөгү күрттөр, суннит топтор шиит лидер Али Систани жана Маликиге каршы шиит топтордун да жылуу караганы белгиленүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар