Иракта жаңы өкмөт түзүлмөкчү

Өкмөттү куроо милдетинин Гайдар аль-Абадиге берилиши Түркия тарабынан маанилүү жана оң жылыш катары баа берилди.

89716
Иракта жаңы өкмөт түзүлмөкчү

Иракта Президент Фуад Масумдун өкмөттү куроо милдетин Хайдар аль-Абадиге бериши Түркия тарабынан маанилүү жана оң жылыш катары баа берилди.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында Түркиянын Иракта болуп жаткан коопсуздук кризисинин чечилишин саясий процесстин токтоосуз улантылышында көргөнү баса белгиленди.
Анда, «Жаңы өкмөттүн куралуу баскычына киришин туура багытта ташталган кадамдар катары ыраазычылык менен кабыл алуудабыз»,-деген сөздөр айтылды.
Жарыяда «Өкмөттүн коомчулуктун бардык катмарларын камтыгыдай түшүнүк менен түзүлүшү, Иракта болуп жаткан жана аймактын бардыгына терс таасир тийгизген кризистин ашылып өтүлүшүнө чоң салым кошот»,-деп жазылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар