Ок атпоо келиши дагы 72 саатка узартылды

Израиль менен Хамастын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

82582
Ок атпоо келиши дагы 72 саатка узартылды


Израиль, Египеттин арачылыгында башталган жана эртең аяктай турган ок атпоо келишиминин дагы 72 саатка узартылышын кабыл алды.
Израилдин Тышкы иштер министрлигинин катчысы Йигал Палмор Анадолу агенттигине берген маалыматында: «Израиль, Египеттин ок атууну токтотуу сунушунун шартсыз түрдө дагы 72 саатка узартылышын кабыл алды. Ушул темага байланыштуу Хамастын позициясын билбейм. Хамас менен улантылып жаткан сүйлөшүүлөр туурасында ачык маалымат бере албайм. Ортодо сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,-деди.
Египеттин аракеттери менен ишке ашырылган 72 сааттык ок атпоо режими эртең 08:00де аяктамак.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар