72 сааттык ок атууну токтотуу Газа көчөлөрүндө сезиле баштады

Израиль көчөлөрүндө адамды таң калтырган согушту жактагандар да бар...

80612
72 сааттык ок атууну токтотуу Газа көчөлөрүндө сезиле баштады

Израиль жана Палестинанын ортосундагы 72 сааттык ок атууну токтотуу Газа көчөлөрүндө сезиле баштады. Көпкө созулган убакыттан кийин көчөгө чыккан калк кайрадан кол салуулардын башталышынан тынчсызданууда.
Банкоматтардын алдында кезекке туруу, базарлардагы баалашуулар...
Палестина калкы азыр болсо тынчтык учурунан калган күндөрдү жашап жатат. Ошол эле учурда дүйшөмбү күнү жарыяланган 7 сааттык убактылуу ок отууну токтотуу учурунда 300гө жакын жардам конвоюу Газага баруу үчүн Израилден жолго чыкты. Израиль да бүгүн саат сегизде башталган ок атууну токтотуудан кийин Палестинадагы бардык бөлүктөрүн чыгара баштады.
Израиль көчөлөрүндө адамды таң калтырган согушту жактагандар да бар...
Ок атууну токтотуу бат – бат Израилдин бомбалоосу менен бузулган Газада болсо жаңы бир жаназага сахна болду. Жебалиедеги кол салууда бир эле үй – бүлөдөн 10 киши каза болду. Израилдин 8 – июлда баштаган «Коргоочу жол операциясы» ушул кезге чейин көпчүлүгү жаран болгон 1900 палестиналык каза болуусуна себеп болду.
17 – июлда баштаган кургактыктагы операциясы менен Хамас менен кагылышууга кирген Израиль армиясы ушул кезге чейин 67 аскерин жоготконун билдирген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар