72 сааттык ок атпоо кабыл алынды

Израиль катышпаган жолугушуулар Египеттин борбор шаары Каирде уланууда.

79882
72 сааттык ок атпоо кабыл алынды

Израиль жана Палестина тарабы Египет сунуштаган 3 күндүк ок атпоо темасында макулдашты.
Саат 8:00ден баштап ок атпоо башталды.
Израиль катышпаган жолугушуулар Египеттин борбор шаары Каирде уланууда.
Палестина делегациясында орун алган Хамас жана Исламий Жихаддын жооптуулары, эртең менен саат 8:00ден баштап 3 күндүк ок атпоо сунушун кабыл алгандарын билдирген.
Хамастын катчысы Февзи Берхум жазуу түрүндөгү жарыясында, «Египетке эртең менентен баштап 72 сааттык ок атпоо сунушун кабыл алганыбызды расмий түрдө билдирдик»,-деди.
Израилдин мамлекеттик радиосунун премьер-министрлик маалымат борборунун маалыматтарына таянган кабарында да министрлер кеңешинин саясий жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрүнүн Египеттин киришүүсүндө шартсыз сунушталган ок атпоо сунушуна баа берүүдөн кийин кабыл алганы белгиленген.
Израиль армиясы Газадан бардык аскердик бөлүктөрүн чыгарып кеткенин жарыялады.
Египет айрыкча туруктуу ок атпоону камсыздоо үчүн тараптарды Каирде жолугушууга чакырды.
Бир тараптан Израиль армиясынын катчысы Газа кол салууларына себеп катары көрсөткөн тоннелдердин бардыгынын кыйратылганын жарыялады.
Бул учурда АКШнын мамлекеттик катчылыгынын катчысы Жен Псаки жазуу түрүндөгү жарыясында, «72 сааттык ок атпоону көздөгөн акыркы сунушту күчтүү колдойбуз жана ар бир эки тарапты буга толугу менен урмат-сый көрсөтүүгө чакырабыз»,-деп жазды.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи орун басары Тони Блинкен CNN телеканалына берген маегинде, «Бул чыныгы мүмкүнчүлүк. Бул демилгени күчтүү колдойбуз»,-деди.
Америка Кошмо Штаттарынан Израилге 225 миллион доллардык жардам да АКШнын президенти Барак Обаманын бекитүүсү менен рамий күчүнө кирди.
Тез жардам төлөмү Израилдин коргонуусунда чечүүчү мааниси болгон «Темир куполь» ракеталык колргонуу системасында колдонулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар