Кытайда кечээ 6,1 баллдык жер титирөө болуп өттү

Жер титирөөдө 1800дөн ашуун киши жаракат алды, 200дөн ашуун кишинин дайыны табылбай жатат...

78564
Кытайда кечээ 6,1 баллдык жер титирөө болуп өттү

Кытайдын түштүк батышындагы Юньнань провинциясында катуу жер титирөө болду.
Эпицентри Венпинг шаарынын жакыны болгон жер титирөө чоң кыйроого учуратып, элди дүрбөлөңгө түшүрдү.
Жердин 10 км астынан келгени белгиленген термелүүдөн көп сандаган үй кыйрады.
Жабыркагандар куткаруучу топтор жана аскерлер тарабынан куткарылышты.
Кытай мамлекеттик телеканалы аймакта акыркы 14 жылдын эң катуу жер титирөөсүнүн болгонун жарыялады.
Юньнань провинциясы, Кытайдын түштүгүндө Мьянма жана Тайланд чек арасында орун алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар