Газада ок атууну токтотуу бузулду

Жон Керри түнкү сааттарда жарыялаган ок атууну токтотуу үч саатка гана созулду

76443
Газада ок атууну токтотуу бузулду


Газа тилкесинде Палестина менен Израилдин ортосунда жарыяланган гуманитардык жардам берүү максатында 72 сааттык ок атууну токтотуу соңуна чыкты.
*** Израиль армиясы ок атууну токттуу ишке киргенден 3 сааттан кийин Рефах шаарын пулемет менен аткылады.
*** Кол салууда каза болгондордун саны 50 жетти.
*** Хамас ок атууну токтотуудан мурда бир израилдик офицерди уурдаганын билдирди, Израиль да бир офицерден кабар алына албаганын ырастады.
Американын мамлекеттик катчысы Жон Керринин түнкү сааттарда жарыялаган ок атууну токтотуу үч саатка гана созулду.
Израиль Рефах шаарына жасаган кол салуусунда ондогон палестиналыкты өлтүрдү. Андан кийин да Израиль армиясынан ок атууну токтотуунун соңуна чыкканы боюнча маалымат келди. Андан кийин дароо эле БУУнан ок атууну токтотууга чакыруу келген. Агенттиктердин оболу тараптарга ок атунуу токтотууга чакыруу катары жарыялаган кабар андан кийин бир гана палестиналыктардын ок атууну токтотууга баш ийишкендерин көрсөтүүлөрүнө карата чакыруу катары оңдолду.
Хамас ок атууну токтотуунун ишке киришинен мурда бир Израиль офицеринин уурдалганын билдирди. Израиль армиясынан да Газанын түштүгүндө туннельдердин жардырылуусу учурунда бир Израиль аскеринин каза болушу мүмкүн экенин жарыялады.
Ок атууну токтотуу ишке киргени ойлонулган сааттарда да Израиль аскерлери Хан Юнус жакындарында үйлөрүнө кайткан палестиналыктарды съемкага алган Анадолу агенттигинин тобуна ок атты.
Кол салууда Анадолу агенттигинин оператору Метин Йүксел Кая колунан жеңил жараланды. Бул окуялар болгон болсо туруктуу ок атууну токтотуу үчүн да Египеттин борбор шаары Каирде бир жыйындын өткөрүлүүсү күтүлүп жаткан, бирок бул жыйындын болору белгисиз.
Израиль жасаган кол салууларда ушул кезге чейин палестиналыктардын саны 1500, жаралуулардын саны 8 миңге жетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар