Эбола вирусу коркунуч туудурууда

Мектептер жабылып, үйлөрдөн чыгууга тыюу салынды.

75493
Эбола вирусу коркунуч туудурууда


Батыш Африкадагы Эбола вирусу эң көп кездешилген өлкөлөрдөн бири Либерияда коркунуч тууралуу эскертүүлөр жарыяланды.
Либериянын президенти Эллен Жонсон-Серлиф мектептердин жабылышына жана мамлекеттик кызматкерлердин аргасыз болбосо үйлөрүнөн чыкпашына буйрук берди. Кээ бир авиакомпаниялар вирустун жайылып кетиши коркунучу боюнча Либерияга каттамдарын токтоткон болчу.
Либерияда кеминде 129 киши эбола вирусунун себебинен каза тапты. Батыш Африканын жалпысында 670тен ашуун кишинин өмүрүн алды.
Сьерра-Леоне да өлтүрүүчү вируска каршы күрөшүп жатканда, бул вирусту жугузуп алган доктур Шейх Умар Хан каза болду.
Өлкөдө вируска чалдыккандар үчүн чоң үмүт болгон доктур Кан 100дөн ашуун оорулууну дарылаган болчу.
Эбола Вирусу Либерия, Гвинея жана Сьерра-Леонеден кийин Нигерияда да кездешилди.
Өлкөдө бир кишинин Эбола вирусунан каза болушунун себебинен бул өлтүрүүчү вируска каршы чара көрүүлөр арттырылды.
Түштүк Африкада да эбола вирусуна каршы эскертүүлөр жарыяланды.
Өлкөдөгү эл аралык аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн дене температуралары текшерилип жатканы белгиленди.
Жугуштуу Эбола вирусуна каршы азырынча кандайдыр бир вакцина жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар