Израилдин Газага жасаган операциясы улантылууда

Каза болгон палестиналыктардын саны 306га жетти

64300
Израилдин Газага жасаган операциясы улантылууда

Израилдин Газага карата кургактыктан жасаган операциясы улантылууда
Көпчүлүгү балдар жана аялдар өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны 306га жетти. Жаралуулардын саны 2000дөн ашты. Өзүн коргоо укугун жактаган Израилдин болсо кургактыктан жүргүзгөн операциясына катышкан бир аскери каза болду.
Операцияга аба жана деңиз бөлүктөрү да жардам берип, кургактык операциясынын эң аз 2 жумага созулары билдирилди. Хамас азыркы учурга чейин 500дөн ашуун ракета атуу менен Израиль бомбалоосуна жооп кайтарды. Газага кирген Израиль кургактыктагы бөлүктөрү, аныктаган туннелдери хамастыктардын изин кубалоодо колдонууда.
Армия ушул кезге чейин 17 террористти өлтүргөнүн билдирди. Ошол эле учурда Газадагы Шифа ооруканасы жаралуулар менен толду. Дарыгерлер болсо дары – дармек жана медициналык каражаттардын кемчилигинен улам чарасыз.
Батыш Шериадагы палестиналыктар да Газада каза болгон бир туугандары үчүн түнү менен көчөлөргө чыгышты.
Ел Халилдеги жүрүш учурунда митингге чыккандар : «Эл аралык коом кайда?», «Адамкерчилик кайда калды?», «Израиль баскынчы жана террорист» деген ураандар менен жүрүштү. Израиль аскерлери Бейтүллахимде митингчилерге кийлигишти. Таш ыргыткан митингчилерге Израиль аскерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар