Америка Кошмо Штаттары Орусияга жаңы санкцияларды киргизди

Орусиянын банк, энергетика жана курал-жарак секторлору бутага алынды.

132762
Америка Кошмо Штаттары Орусияга жаңы санкцияларды киргизди

Америка Кошмо Штаттары Орусияга жаңы санкцияларды киргизди.
Вашингтон башкаруусу бул жолу Орусиянын банк, энергетика жана курал-жарак секторлорун бутага алды.
Американын Казына министрлиги Орусияга Украинаны ыраатсыздаштыруу аракеттеринин себебинен сектордук негизде жаңы санкцияларды киргизүүгө чечим чыгарды.
Ушул максат менен Газпромбанк жана ВЭБ аттуу финансы мекемелери менен америкалыктардын соода иштерин жүргүзүүсүнө тыюу салды.
Жаратылыш газ жана мунай зат өндүргөн НОВАТЭК менен Роснефть атуу компанияларга да санкциялар киргизилет.
Украинанын чыгышында уланып жаткан кагылышуулар үчүн курал, бомба жана танк өндүрүп жаткандыгы аныкталган орусиялык курал-жарак чыгаруучу 8 фирма да санкциялардын тизмесине киргизилди.
Киев өкмөтүнөн өзүнчө көз карандысыздык жарыялаган Луганск менен Донецк калкына да өлкөдө тынчтык, ырааттуулук жана коопсуздукка коркунуч туудургандыгынын себебинен санкция киргизүүгө чечим чыгарылды.
Жарыяда санкциянын алкагында орус фирмалары жана кызматкерлеринин Америка базарлары менен соода-сатык иштеринин токтотулганы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар