Жакынкы Чыгыштын эң чоң лагерине жардам бериле албай жатат

Дамаск жакындарындагы лагерден 140 миң киши кагылышулардан улам ал жерден чыгууга мажбур болду

113775
Жакынкы Чыгыштын эң чоң лагерине жардам бериле албай жатат

БУУ Сирияда палестиналык качкындар жашап жаткан жана курчоо астындагы Йермук лагерине бир айга жакын убакыттан бери жардам бериле албай жатканын жарыялады. БУУнун палестиналык качкындарга жардам берүү мекемесинин катчысы Крис Ганнес жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Йермук лагеринин ичинде акыркы жардамдын таркатылуусунан бери бир ай өткөнүн белгилеген. 21 – июнда жарыяланган келишимден кийин лагерде калган 18 миң жаран үчүн жардам даярдыктарын башташкандарын белгилеген Ганнесс азырынча алдыга жылуунун болбогонун айтты.
Лагерде көп сандаган баланын ачкачылыкта экенин баса белгилеген Ганнесс мекеменин жашоо үчүн күрөшүп жаткан качкындарга жардам берүү үчүн абдан чоң аракет кылып жатканын белгиледи. Израиль жасаган кысым жана зулумчулуктан улам жерлерин таштап кетүүгө мажбур болгон палестиналык качкындар үчүн 1957 – жылы түзүлгөн Йермук качкындар лагери процесстин ичинде жарым миллионго жеткен калкы менен Жакынкы Чыгыштын эң чоң лагерлеринин бири болгон. Сириядагы граждандык согуштан мурда 160 миң качкын жашаган Дамаск жакындарындагы лагерден 140 миң киши кагылышулардан улам ал жерден чыгууга мажбур болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар