АКШнын коргоо министрлиги Ирак аркылуу учкан АКШга таандык кээ б

Жон Керби Багдат аба мейкиндигинде кишилүү жана кишисиз аба унаалары менен учууларды ишке ашырганын белгиледи

110019
АКШнын коргоо министрлиги Ирак аркылуу учкан АКШга таандык кээ б

Маалымат жыйында тема тууралуу берилген суроолорго жооп берген АКШнын коргоо министрлигинин катчысы Жон Керби Багдат аба мейкиндигинде кишилүү жана кишисиз аба унаалары менен учууларды ишке ашырганын белгиледи.
Ирак башкаруусунун талабынын негизинде учууларды ишке ашырганын баса белгилеген Керби кээ бир аба унааларынын куралдуу экенин айтты. Катчы булардын Багдатта кызмат кылган америкалык кызматкерди коргоону максат кылганын белгиледи. Керби президент Обаманын Ирак Дамаск Ислам мамлекети уюмуна карата абадан кол салуу тууралуу азырынча чечимин чыгарбаганын да билдирди. Бир тараптан Сирия оппозициясына жиберилүүсү пландалган 500 миллион долларлык жардам тууралуу азыр да маалыматтар тактала элек. Пентагон катчысы жардамдын канчалыгын оппозициячылдарга, канчалыгынын курал жаракка бөлүнөрү тууралуу иштердин жүргүзүлүп жатканын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар