AFAD Иракты жалгыз калтырган жок

AFAD жүргүзгөн гуманитардык жардам иш-чаралары улана берет.

102705
AFAD Иракты жалгыз калтырган жок

Премьер-министрликке караштуу апаат жана курч кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) Иракта болуп жаткан адамзаттык кризисинин себебинен аймакка жардам берди.
AFAD аймакка ушул убакка дейре бардыгы 41 миң кишилик азык-түлүк кутусун, 110 миң жуурканын, 1920 керебет, 2 миң ашкана комплектиси, 12500 кишилик чатыр жана 217982 куту дары-дармек жеткиргенин билдирди.
AFADдан маалымдашкандай Ирактын Синжар аймагына жардамдар берилгенден кийин Керкүктөгү муктаждыгы болгондорго гуманитардык жардамдар алынып барыла баштаганы белгиленди.
Айрыкча AFADдын башкармалыгынын координациялоосу менен Кызылай тарабынан 17 көп максаттуу чатыр, 10 миң 848 даана 1,5 литрдик суу жана 906 миң 924 даана печеньенин аймакка өткөрүлгөндүгү маалымдалса, бул абалдар багытында AFAD жүргүзгөн гуманитардык жардам иш-чаралары улана турганы сөз кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар