Бирикккен Улуттар Уюмунан кайгылуу билдирүү

“Мианмардагы курч сыноого башка бир да жерден жолуккан жокпуз”

98843
Бирикккен Улуттар Уюмунан кайгылуу билдирүү

Бирикккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык жардамдар жана курч кырдаалдар координаторунун орун басары Кюнг-ва Канг Мианмардагы Качин жана Ракхине жергелеринде үй-жайсыздар жашаган лагерлерде 10-14-июнь күндөрүндөгү изилдөө жыйынтыктары тууралуу Нью-Йоркто басма сөздөргө билдирген.
Мианмарда жашаган мусулмандардын лагерлеринде курч сыноо, же начар жашоо шартын башка жерден жолуктурбагандыгын айткан Канг, Ракхине жергелеринде 3 жылдан бери уланып жаткан окуялар тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле Канг көйгөйлөрдүн алдында Мианмар өкмөтүнүн Рохингьяда жашаган мусулмандарга карата бөлүнүү иш-аракеттери экендигин баса белгилеп, бийликтегилердин өлкөдөгү мусулмандардын мыйзамын карап чыгуусу жана жарандык көйгөйлөрүн тез арада жөнгө салуусу керектигин айтты.
Аракан аймагында жүз миңдеген адамдардын гуманитардык жардам менен күн көрүп жаткандыгын баса белгилеген Канг, ошол жардамдарды координациялаган Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлерине да кол салуулар катталып жаткандыгын айтты. БУУнун кызматкерлеринин курч кырдаалда калып жаткандыгын айтып, Мианмар өкмөтү кол салуучуларды мыйзам чегинде жазалоосун өтүндү.
Гуманитардык жардамдар жана курч кырдаалдар координаторунун орун басары Кюнг-ва Канг Аракандагы лагерлерде жана башка аймактардагы үй-жайсыз калган 140 миң адамдын 95 пайызы мусулмандар, ошондой эле мусулмандар жашаган лагерлердин абалы өтө начар экендигин айтты.
Эскерте кетсек, Мианмарда 2012-жылдын июнь айында башталган кандуу окуялардан улам көптөгөн мусулмандар каза болгон. Буддисттер тарабынан жасалып жаткан зомбулуктардан улам өз үйүн таштап качкан 140 миңден ашык Рохингья мусулмандары начар абалда жашоого мажбур болушууда.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар