Махмуд Аббас Керри менен сүйлөштү

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына ылайык Аббас Керриге телефон чалып, курула турган өкмөт жана тынчтык процессинин келечеги темаларын карады.

80148
Махмуд Аббас Керри менен сүйлөштү


Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу байланышып, тынчтык процесси жана курула турган жаңы өкмөт туурасында сүйлөшкөнү билдирилди.
Керри менен сүйлөшүүлөрдүн улантылышы темасында бирдей пикирде болгон Аббастын сүйлөшүүдө жаңы курула турган өкмөттүн көз карандысыздардан түзүлөөрүн жана келечектеги шайлоолор үчүн даярдык көрүүнү максаттаганын айтканы баяндалды.
Бул учурда бүгүн «Аль Фатих» жана «Хамас» кыймылдары макулдашып, Рамаллахтагы Палестина өкмөтүнүн премьер-министри Рами Элхамдулиллахтын жетекчилигинде жаңы өкмөттүн курулуусу жана өкмөттүн мүчөлөрүнүн ант берип кызматын башташы күтүлүүдө.
Бир тараптан Хамастын катчысы Сами Эбу Зухри жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө акыркы чечимдеринин курула турган жаңы өкмөттө Туткундар министрлигинин болушу жөнүндө экенин белгиледи.
Катчы Эбу Зухри Хамастын бул темадагы мамилесин «Аль Фатих» кыймылына билдиргенин сөз кылды.
«Аль Фатих» кыймылынан ушул тема боюнча азырынча кандайдыр бир билдирүү жарыяланган жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар