Дүйнө жүзүн САРСтан кийин эми МЕРС коркунучу каптады...

Жугуу ылдамдыгы жай жана жөнөкөй сасык томоо сыяктуу ортого чыккан оору, андан соң дем алуу органын кыса баштайт.

62482
Дүйнө жүзүн САРСтан кийин эми МЕРС коркунучу каптады...

Дүйнө жүзүн САРСтан кийин эми МЕРС коркунучу каптады...
«Корона» деп аталган вирус менен жуккан Сауд Арабстан тектүү оору, Азия жана Европа өлкөлөрүнөн кийин Америка Кошмо Штаттарында да көрүндү.
Жугуу ылдамдыгы жай жана жөнөкөй сасык томоо сыяктуу ортого чыккан оору, андан соң дем алуу органын кыса баштайт.
МЕРС оорусунун акыркы баскычында болсо көбүнчө органдын күчү кетип өлүм менен жыйынтыкталат.
Дүйнөнү 2000-жылдарда каптаган САРС, мутация болуп 8 эсе күчтүү корона вирусуна айланды.
2012-жылы алгач ирет Сауд Арабстанда көрүнгөн ооруну өзгөчө ажылык жана үмре убагында вирусту жугузуп алгандар башка өлкөлөргө да алып барды.
Сауд Арабстандан АКШга кайткан бир саламаттык сактоо кызматкеринде да корона вирусу кездешкени боюнча оорулуу өткөн транзиттик өлкө Англия жана АКШны жугуштуу ооруунун коркунучу каптады.
Бул учурда Сауд Арабстанда дем алуу органдарын жабыркаткан САРСтын бир түрү болгон корона вирусунан каза тапкандардын саны 11ге жеткени билдирилди.
Төөлөрдөн жуккандыгы белгиленген вируска каршы айрым антикорлор өндүрүлдү. Бирок өлүм коркунучу толугу менен жоюла алган жок.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар