Армения тарабында согушкан террордук түзүлүш тууралуу териштирүү
Азербайжанда Армения тарабында согушкан "VoMa" аттуу террордук группага карата териштирүү баштатылды.
Азербайжанда Армения тарабында согушкан "VoMa" аттуу террордук группага карата териштирүү баштатылды.
Азербайжан башкы прокурорлугунан берилген маалыматта Армения жараны Владимир Вартановдун түрдүү улуттардан турган "VoMa" аттуу бир батальон түзгөндүгү, батальондун мүчөлөрү террордук максаттарда даярдалгандыгы жана оккупацияланган Азербайжан аймактарында террордук кыймылдарды кылгандыгы билдирилди.
Маалыматта Вартановдун батальонунда армян тектүү чет элдик жарандар менен ПКК террордук уюм жана АСАЛА мүчөлөрүнүн да бар экендиги белгиленди.
Басып алынган Тоолуу Карабахка барган террорист "VoMa" батальонунун Армения башкаруусу тарабынан жалданма аскер катары колдонулгандыгы аныкталгандыгы белгиленген маалыматта бул батальондун жерлерин оккупациядан бошотуу үчүн операция жүргүзүп жаткан Азербайжан армиясына жана азербайжандык жарандарга каршы кол салгандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Германияда Азербайжанга колдоо митинги өткөрүлдү
Германиянын Келн шаарында жолугушкан түрктөр Азербайжанга колдоо митингин өткөрүштү.