Германияда Азербайжанга колдоо митинги өткөрүлдү

Германиянын Келн шаарында жолугушкан түрктөр Азербайжанга колдоо митингин өткөрүштү.

1540837
Германияда Азербайжанга колдоо митинги өткөрүлдү

Германиянын Келн шаарында жолугушкан түрктөр Азербайжанга колдоо митингин өткөрүштү.

Азербайжан маданият үйү уюштурган митинг тарыхый Келн катедралынын алдында өткөрүлдү. Митингге катышкандар Франция парламентинин Азербайжан жери Тоолуу Карабахтын «көз карандысыз мамлекет катары таанылуусун сунуш кылуу чечимине» каршы чыкты.

Армения армиясынын кол салууларында каза болгон азербайжандык аскер жана жарандар эскерилди.

Суук жана жамгырлуу аба ырайына карабастан өткөрүлгөн митингде Азербайжан байрактары менен Түркия жана Германия байрактары да орун алды.



Тектеш кабарлар