Алиев: «Француздар аябай каалап жатышса Марселди армяндарга берсин»

Алиев, Азербайжан армиясы тарабынан жерлеринин Армениянын басып алуусунан бошотулушуна байланыштуу билдирүү жасады.

1537513
Алиев: «Француздар аябай каалап жатышса Марселди армяндарга берсин»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев душмандарды өз жеринен кууп чыгышкандыгын, жаңы чындыкты жаратканын жана бул чындыкты бардыгы кабыл аларын билдирди.

Алиев, Азербайжан армиясы тарабынан жерлеринин Армениянын басып алуусунан бошотулушуна байланыштуу билдирүү жасады.

Тоолуу Карабахта жашаган адамдардын Азербайжан жарандары экендигин баса белгилеген Алиев: «Алар Азербайжан мамлекетинде жашоосу жакшыра тургандыгын көрүшөт»,-деп айтты.

Франция Сенатынын жалган Тоолуу Карабах Республикасын тааныган чечимине токтолгон Алиев: «Француз Сенатынын биздин маселеге кандай тиешеси бар? Эгерде алар чын эле каалашса, анда армяндарга Марселди беришсин, армяндар ошол жерде өзүлөрү үчүн мамлекет курсун»,- деди.



Тектеш кабарлар