Азербайжанда жер титирөө болду
Жер титирөөнүн күчү 5,2 баллга жеткенидиги билдирилди.
2138369
![Азербайжанда жер титирөө болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9c2d/e087/c947/659ce76b84509.jpg?time=1722046215)
Азербайжанда күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болду.
Азербайжандын сейсмологиялык кызмат борборунун билдирүүсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.23тө Ленкаран провинциясынын чегиндеги тоолуу аймакта күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Билдирүүдө 18 километр тереңдикте болгон жер титирөөнүн айланадагы облустарда да сезилгени белгиленди.
Азырынча жер титирөөдө жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат бериле элек.
Тектеш кабарлар
![Кыргызстан Париж Олимпиадасына 16 спортчу менен катышат](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/ff7f/bd0b/a17c/669f999e8c131.jpg?time=1722046215)
Кыргызстан Париж Олимпиадасына 16 спортчу менен катышат
Президент Жапаров улуттук спортчулар менен жолугушуп, алар менен баарлашты.