Газиантеп...

Түркияда туризм-25

1219785
Газиантеп...

 

Газиантеп...

Газиантеп Түркиянын түштүк-чыгыш Анадолу аймагында орун алган шаар... Тарых жана маданиятка кызыккандардын көңүлүн бурган көп сандаган жайлар бар.

Газиантеп, тарых бою Анадолуда курулган бардык мамлекеттер үчүн маанилүү борбор болгон. Рим империясынын убагында чек арадагы шаар экен. 395-жылы империя бөлүнгөндө Чыгыш Римдин ичинде калган. Исламияттын жайыла башташынан кийин Аббасилердин колуна өтүптүр.

Газиантеп жана чөйрөсү 1067-жылы түрктөрдүн эгемендигине кирип, Анадолу Селжук мамлекетинин территориясында орун алган. 13-кылымдын ортолорунда монголдордун жортуулуна дуушар болгон. Жортуулдан Мемлук мамлекети тарабынан куткарылган. Аймакта ырааттуулук Осмон мамлекетинин келиши менен камсыздалган. 1-Дүйнөлүк согуштан кийин баскынчылардын басып алуусуна учураса дагы чоң көрөштөн кийин кайрадан түрк жерлерине кошулган.

Газиантеп, ар башка цивилизациялар жана маданияттар чогулуп бири-бирилеринин ичинде синтезделген тарыхка ээ. Алгачкы доорлордон бери аймакта жашаган коомчулуктардын издерин жана чыгармаларын аймакта учурда да көрүүгө болот. Тарыхый жибек жолунун боюнда тургандыктан учурай турган жерге айланган, ар бир мезгилдин маданият жана соода борбору болуу өзгөчөлүгүн коргогон. Газиантепте орун алган тарыхый чыгармалардын түрдүүлүгү, шаардын маданий байлыгынын көрсөткүчү болуп саналат.

Газиантепте көрүлсө боло турган жерлердин башында чептер турат.  Салынышы 2-кылымга чейин жеткен Газиантеп чеби, Анадолудагы эң көркөм чептерден бири болуп саналат. Облустун чек араларынын ичинде Арабан чеби, Румкале, Тилбасар чеби сыяктуу курулушу жүздөгөн жыл мурдагыга жеткен чептер бар.

Газиантептин Арабан районунун территориясында Анадолу эстелик көрүстөнү үчүн ылайык болгон үч даана Рим доорун таандык көрүстөн эстеликтери орун алган.

Осмон доорунда шаарда жашаган мусулман эмес жарандарга кызмат кылган чиркөөлөр, керек болсо функцияларына байланыштуу түрдө ишке ашырган чогултуучу таасир, керек болсо жайгашкан абалынын себебинен шаардын мүнөзүн белгилөөдө маанилүү роль ойногон. Кендирли чиркөөсү, Азиз Бедрос чиркөөсү, Низип Февкани чиркөөсү шаардагы чиркөөлөрдөн бир канчасы.

1200-жылдардын дароо башында курулган Али Нажар мечити, Өмерийе мечити, 16-кылымда курулган Шейх Фетхуллах мечити жана комплекси, Эйүпоглу мечити, Алайбек мечити, 17-кылымга таандык Ширвани мечити, Куртулуш мечити, шаардагы маанилүү мечиттер болуп саналат.

Газиантепте Селжук жана Осмондуктардын жарандык архитектурасында маанилүү орду болгон көп сандаган сарай бар. Хишва сарайы, Анадолу сарайы, Баяз сарайы, Будейри сарайы, Бугдай сарайы, Гүмрүк сарайы, Шекер сарайы, Туз сарайы, Тамеки сарайы кылымдар бою соода максаттуу кербендердин, жүргүнчүлөрдүн түндү тынч жана коопсуз өткөрүүлөрүн камсыздаган. Ошол эле убакта алыскы жерлерден келген товарлар алмашылган соода борбору катары тейлөө милдетин аткарган.

Газиантепте Осмон архитектурасынын маанилүү чыгарылыштарынан болгон мончолордун бир бөлүгүнөн дагы деле пайдаланылууда.

Газиантепте барып көрүлсө боло турган эң маанилүү жерлерден бири Зеугма байыркы шаары. Шаар, Низип районуна 10 чакырым алыстыкта орун алган. Улуу Искендер Зулкарнайндын генералдарынан 1-Селевкос Никатор тарабынан б.з.ч. 300-жылдарда курдурулган шаар, искусство тармагында ал убактан абдан озуп кеткен. Имараттарды кооздогон укмуш мозаикалык төшөөлөр дүйнөдөгү үлгүлөрүн артка калтырган мүнөздө эле. Аймактын болгону бир бөлүмүнө ишке ашырылган казууларда жарыкка чыгарылган мозаикалар, Зеугманын толук түшүнүк менен бир мозаика шаары болгонун көрсөтүп турат.

Зеугма байыркы шаарынан чыгарылган чыгармалар бүгүнкү күндө, дүйнө жүзүнүн эң маанилүү музейлеринин бири деп белгиленген Газиантеп мозаика музейинде көргөзмөгө коюлган. Дүйнөгө таанымал «Цыган кызы» мозаикасы да ушул жерде көргөзмөгө коюлган...

Газиантеп, ушул өзгөчөлүктөрүнүн бардыгы менен жыл сайын жүз миңдеген жергиликтүү жана чет элдик туристти тосууда. Шаарга барсаңыз рестоврациясы жасалган тарыхый Антеп үйлөрүн кыдырып көрүшүңүздү, күмүшчүлүк, жезчилик, седеф кооздоолору, йеменичлик сыяктуу аймакка таандык кол эмгек бумдарынан алууңузду,  аймакка таандык Менегич кофесин ичүүңүздү сунуштайбыз.

Саякатыңыз байсалдуу болсун.

 

 



Тектеш кабарлар