Чорум Искилип токмоктуу арабасы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-14

2123358
Чорум Искилип токмоктуу арабасы
ÇORUM İSKİLİP TOKMAKLI KAĞNI.jpg

Чорум Искилип токмоктуу арабасы

Катталган күнү: 03.08.2023

Түркиянын Борбордук Анадолу аймагында жана Хетт империясынын тарыхый борбору Хаттушанын да чек араларынын ичинде жайгашкан Чорум шаарынын Искилип районунда абдан кызыктуу жана оригиналдуу оюнчук өндүрүлөт. 2023-жылы Искилип муниципалитетинин кайрылуусу менен Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн арасына кирген "Токмоктуу араба" абдан жөнөкөй иштөө механизмине ээ. Токмоктуу арабанын тарыхы жүз жылга жакын убакыт мурда башталат. Бул оюнчукту алгач Хасан Чавуш аттуу адамдын жасагандыгы жана оюнчуктун келип чыгышынын аялдардын сокунун ичинде булгурду жанчып жатканда сок билегин кезеги менен ургулашына байланыштуу экени айтылат. Токмоктуу арабалар негизинен кол станокторунда, бүгүнкү күндө болсо электр токарь станокторунда өндүрүлөт, аларды жасоодо карагай жана терек колдонулат. Төрт дөңгөлөктүү жана төрт токмогу бар оюнчуктун негизги бөлүгүн «Аяк» деп аталган жалпак бөлүгү түзөт. Токмоктуу арабанын өзгөчөлүгү дөңгөлөктөр кыймылдаган сайын токмоктор жалпак бөлүгүнө тийип, үн чыгарат. Оюнчукта колдонулган боектор да абдан өзгөчө. Кызыл, сары, көк, кара жана жашыл түстөр басымдуу түрдө колдонулган боёктор, кездеме боёгу менен карагай чайырын жана ысык сууну аралаштыруу менен даярдалат. Чайырдын таасири менен катып калыпка айланган боёк жыгач устанын станогунда айланган арабанын бөлүктөрүнө сыйпоо менен боёлот. Боё процесси аяктагандан кийин Токмоктуу арабанын түстөрүн айкыныраак кылуу үчүн теректин кабыгынын ички бети менен жылмаланат.



Тектеш кабарлар