Диярбакыр шаары

Түркияда туризм-12

1166025
Диярбакыр шаары
diyarbakır 9.jpg
diyarbakır 7.jpg
diyarbakır 6.jpg
diyarbakır 5.jpg

 

Диярбакыр

Диярбакыр, Түркиянын Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагында орун алган шаар...Географиялык абалынан улам тарых бою көп сандаган цивилизация жашап өткөн Диярбакырдан... Бул цивилизациялардын бардыгынын издери дагы деле көчөлөрдө, проспекттерде, мечиттерде, чиркөөлөрдө, көпүрөлөрдө сезилип турат. Диярбакырда өтмүш жок болгон эмес, шаардын абасына суусуна сиңип жуурулушкан...

Хурилерден асурларга, престерден римдиктерге, византиялыктардан аббасилерге, селчуктардан осмондорго чейин 33 башка цивилизацияга «журт» болгон шаар-Диярбакыр.... Азиянын Месопотамияга ачылган каалгасы мүнөзүндө болгондуктан тарых бою жалаң маанилүү соода борбору, маданият көпүрөсү болгон. Жибек жолу багытында болгондуктан чыгыштын эң ири сарайлары, бири-биринен кооз көпүрөлөрү ушул жерге салынган. Диярбакыр чеби жана Хевсел бакчалары шаарда калган эң маанилүү тарых жана маданий байлыктардын арасында...

Диярбакыр чеби, тарых менен жарышкан сыяктуу келип өткөн бардык цивилизациялардын издерин камтыйт. Бара-бара аймактагы маданияттардын жана ал убактын муктаждыктары туурасында формаланган чеп, 7000 жылдык өтмүшкө ээ.

Беш жарым чакырым узундугундагы чептердин каалгаларында, эстелик жазууларында, кооздоолорунда, көркөм бурчтарында ондогон цивилизациялардын изин жандуу түрдө көрүүгө болот. Эки катар түрүндө курулган, төрт негизги каалгасынан тышка байланышкан чептер, Кытай сепилинен кийинки дүйнөдөгү эң узун чептер деп белгиленген.

Хевсел бакчалары, Диярбакырдын чептери менен Тигр дарыясынын ортосунда орун алган аймак... Миңдеген жылдан бери талаа аянты катары колдонулуп келет; Месопотамиянын балким эң байыркы дан кампасы болгону айтылса болот. Тигр дарыясынын агымынын азайышынан улам келип чыккан бул түшүмдүү жерлерде, байыркы доорлордо басымдуу түрдө эгилген дан эгиндеринен кийин, көгүчкөндүн кыгынан улам чоң болуп өскөн Диярбакыр дарбызы менен катар ар түрдүү жашылча жемиштер өсөт.

Хевсел бакчалары, Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагынын эң чоң куш бейиши болуп эсептелет. 180ден ашык куш түрү менен катар суу самуру, түлкү, суусар, тыйын чычкан жана кирпи сыяктуу көп сандаган жаныбарлар жашайт.  Аймак, көздүн жоосун алган көрүнүшү менен ажайып кооздукту тартуулап турат.

Бул укмуш чептер жана бакчалар, органикалык бүтүндүктү түзүп тургандыктан чогуу баа берилип Түркиянын дүйнөлүк тизмедеги 14-мурас аянтын түздү. 2015-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги орунун алды.

Диярбакырга бара турган саякатчыларга сунушубуз; чептин жана Хевсел бакчасы менен катар тарыхый Сипахилер базарын кыдырбастан, Хасан Паша сарайын, Улуу мечитти, Марям Ана чиркөөсүн, Кербен сарайларды, байыркы Диярбакыр үйлөрүн көрбөстөн, музейлерди кыдырбастан кайтпаңыздар.

Жергиликтүү даамдардан; булгур, кыйма жана татымалдар менен жасалган «нардан ашын», козу эти, кабак жана баклажандан жасалган «мефтунени», улак кабыргасынан жасалган «кабырга долмасын» сөзсүз ооз тийүүнү сунуштайбыз...

 

Саякатыңыз байсалдуу болсун!

 



Тектеш кабарлар