Глобалдык перспектива-3

Кудусту алдырып жиберсек эмне болот?

890327
Глобалдык перспектива-3

Кудусту алдырып жиберсек эмне болот?

Проф. др. Кудрет Бүлбүл

Кудус- мусулмандар, христиандар жана жөөттөр үчүн ыйык шаар болуп саналат. Мусулмандардын биринчи кыбыласы болгон. Мухаммед пайгамбарыбыз Миражга көтөрүлгөн шаар. Акын Сезаи Каракочтун айткандарындай «асманда салынып жерге түшүрүлгөн шаар».

Явуз Султан Селимдин 1516-жылдагы каратып алышынан кийин 1917-жылга чейин 401 жыл бою Осмон тынчтыгынын (Пакс Отомана) негизинде ар кайсы диндерден бардык адамдар ынтымактуу жана бакубат жашаган шаар болуп саналат. Ошондуктан ошол көптөгөн жылдарга созулган тынчтык мезгилинде, бүгүнкү түшүнүктүн тескерисинче Мекке жана Медине менен бирге Кудус Жакынкы Чыгышка, Жакынкы Чыгыштан да дүйнө жүзүнө тынчтык климатын жайган жерлердин бири болгон. Учурда болсо Израилдин кан көлдөтүшү жана болуп жаткан берки окуялар менен бирге Жакынкы Чыгыш аймагы айрымдары тарабынан «балчык» сыяктуу элестелүүдө.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун угуп жатасыздар.

   АКШнын Кудус токтому жана каршылык көрсөтүүлөр.

АКШнын өз ички саясий талаш-тартыштарынын уландысы мүнөзүндө Кудусту бир жактуу түрдө Израилдин борбор шаары деп жарыялашына каршы бүткүл дүйнө жүзү бирикти. БУУда ачык, орой жана кемсинткен коркутууларга карабастан бардык өлкөлөр бул токтомго каршы турушту. БУУнун Коопсуздук кеңешинде 14 өлкөнүн арасында АКШ өзү жалгыз калды. Башкы Ассамблеяда АКШдан тышкары 8 өлкө гана бул опузалоого баш ийди. Ислам дүйнөсү, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Африка, Латын Америка, Ыраакы Чыгыш өлкөлөрү мисалына чанда кездешилгендей түрдө бирге кыймылдады.

АКШ жана Израиль менен катар дээрлик бардык өлкөлөрдө, адамдар бул токтомго каршылык көрсөтүштү.

Бул жерде Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги төрагасы катары Түркиянын жол башчылык ролун да баса белгилей кетишибиз керек. Президент Режеп Тайип Эрдогандын Европа Биримдигинин лидерлери, Путин, Папа жана берки жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү биргелешип кыймыл кылуу жагынан абдан маанилүү эле.  

Кудус, өз ортолорунда көптөгөн маселе болгон мусулман өлкөлөрүн да кайрадан бириктирди. Европа Биримдиги өлкөлөрү менен мусулман өлкөлөрү да орток максаттын негизинде чогулду.

АКШнын Кудус токтому, Палестина темасында дүйнөлүк түшүнүк жаратууга да салым кошот деп ойлойбуз. Бул чечимге карата камсыздалган глобалдык макулдашуу, Палестинада узун убакытка созулган этникалык тазалоонун ачыкка чыгуусуна жана аймакта адилеттикке негизделген мамиленин үстөмдүк кылуусуна өбөлгө түзөт.

Дүйнө жүзү каршылык көрсөтпөсө эмне болмок? Же болбосо Кудусту алдырып жиберсек эмне болот?

АКШнын Кудус токтому, шер сыяктуу көрүнгөндөргө да каршылык көрсөтүлөөрүнүн эң жакшы мисалдарынын бири болду. Эгерде каршы турулбаганда, маркум өкмөт башчы Эрбакан дайыма көңүл бургандай, Израиль аймак өлкөлөрүнүн жерлерин да камтыган, Тигр жана Евфратка чейин жеткен Арз аль-Мавуд каалоосу үчүн дагы көп күч-кубат алмак. Учурда бул абалы менен аймак жана адамзат үчүн кандай коркунуч жаратып жатканы эске алынганда, «Улуу Израиль» курулса анын жарата турган коркунучу дагы жакшы байкалат.

«Арз аль-Мавуд» каалоосу үчүн аракет кылган жана өздөрүн тандалган улут экенин ойлогон сионисттик жөөттөрдүн жарата турган коркунучун, мынчалык деп ойлобогон, жикчил жана фашист болбогон жөөттөр да билишет. Гитлердин немистердин «жогорку улут» экенине байланыштуу нацисттик идеологиясынын адамдар үчүн кандай балээ болгону унутулган жок. АКШнын Кудус токтомуна каршылык көрсөтүлбөгөндө, ушуга окшогон «талдалган улут» идеологиясы кубатталмак.

Кудус токтомуна  Европа Биримдиги менен Ислам өлкөлөрүнүн биргелеше каршы чыгышы, акыркы мезгилдерде барган сайын чыңалган Ислам жана Батыш алакаларынын сөзсүз эле каршылык аркылуу түзүлбөөрүн дагы бир жолу көрсөттү.

АКШнын чечимине каршы турулбаганда, акыйкаттыктын эмес күчтүүлөр үстөмдүк кылган дүйнө түшүнүгү күчтөнмөк. Алсыз аймактардын адилетсиздикке каршы туруу күчү чоң жараат алат эле.

Кудус темасында дүйнөлүк аракет көрсөтүлбөгөндө, чарасыздык дагы да күч алып, алсыздардын келечекке карай үмүттөрү үзүлмөк...

Бул чечимге карата адамдар карап гана тим болгондо, Израиль аскерлерине баатырча каршы турган Палестинанын намыстуу кызы Ахееддин көздөрүн кантип карай алат эле, дүйнө эли?

Газада палестиналыктардын үйлөрүнүн кулатылбашы үчүн каршы чыккан, Израиль бульдозерлери тарабынан тебеленген 24 жаштагы америкалык тынчтык активисти Рэйчел Корринин ысымын ким эскерүүгө батына алат эле?

Нацизм кайрадан келбеши керек, еврей нацизмине бөгөт коюлушу зарыл.

Анда бир гана ушуну менен тим болуу жетиштүүбү?

Албетте жок. Анткени Кудусту алдырып жиберсек, жогоруда айтылган бардык оң неселер терсине айланат.

Кудусту алдырып жибербеш үчүн көбүнчө эркиндикти жактаган еврейлер каршы туруусу керек. Антпесе эң биринчи утулгандар өздөрү болушат. Немис нацизминде биринчи утулган эркиндикти жактаган немистер болгону сыяктуу. Немис нацизми менен адамдар оор беделдерди төлөдү. Еврей нацизми менен кайрадан окшош нерселер болбошу керек. Белгилүү болгондой Кудус маселеси, бир гана мусулмандардын , христиандардын, еврейлердин маселеси эмес. Кудус маселеси жалпы адамдардын маселеси болуп саналат. Анткени Кудусту алдырып жиберсек, абийирдүүлүк, адилеттүүлүк, адамдык сапат жок болот.

Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар