Орусия менен Кытай Айга өзөктүк энергия блогун жайгаштырмакчы

Орусиянын Федералдык космос агенттигинин (Роскосмостун) президенти Юрий Борисов борбор шаар Москвада өткөрүлгөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кытай менен Айды биргелешип изилдөө боюнча келишимге кол коюшкандарын айтты.

2111475
Орусия менен Кытай Айга өзөктүк энергия блогун жайгаштырмакчы

Орусия менен Кытай Айга өзөктүк энергия блогун жайгаштырмакчы.

Орусиянын Федералдык космос агенттигинин (Роскосмостун) президенти Юрий Борисов борбор шаар Москвада өткөрүлгөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кытай менен Айды биргелешип изилдөө боюнча келишимге кол коюшкандарын айтты.

Кытай менен Айдагы изилдөөлөргө байланыштуу маанилүү бир долбоордун иштелип чыкканын түшүндүргөн Борисов: «Биз кытайлык кесиптештерибиз менен 2033-2035-жылдары Айдын бетине өзөктүк энергия блогун жеткирүү жана орнотуу боюнча долбоорду баалоодобуз»,-деди.

Борисов кошумчалагандай, сөз болуп жаткан агрегат роботтук технологияларды колдонуу менен курулуусу керек.

Роскосмос менен Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгынын (CNSA) ортосунда 2021-жылы Айда изилдөө жүргүзүү үчүн биргелешкен станция түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган.



Тектеш кабарлар