Гезиравжынын микробалырлар боюнча экспериментинен алгачкы жыйынтыктар алынды

Алгачкы түрк космонавты Алпер Гезеравжынын Эл аралык космос станциясында (ISS) иштеген учурунда жасаган экспериментинин үлгүлөрү каралды.

2110869
Гезиравжынын микробалырлар боюнча экспериментинен алгачкы жыйынтыктар алынды
alper gezeravci deney.jpg
alper gezeravci mikroalg deney.jpg

 

Түркиянын биринчи космостук миссиясы учурунда жасалган эксперимент менен микробалырлардын байытылган көмүр кычкыл газын нөлдүк тартылуу чөйрөсүндө кычкылтекке айландырары далилденди.

Түркиянын алгачкы адам башкарган космостук миссиясында жасалган 13 эксперименттин бири Богазичи университетинин Айлана-чөйрө илимдери институтунун докторанттарды окутуучусу Берат Хазнедароглунун жетекчилигинде даярдалган жана микробалыр түрлөрүнүн көмүр кычкыл газын кармоо жөндөмдүүлүгүн жана кычкылтек өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону максат кылган «UzMAn» эксперименти болду.

Алгачкы түрк космонавты Алпер Гезеравжынын Эл аралык космос станциясында (ISS) иштеген учурунда жасаган экспериментинин үлгүлөрү каралды.

Богазичи университетинде башталган изилдөөлөрдө, эксперименттин биринчи жыйынтыгында балырлардын жабык мейкиндиктерге караганда нөл тартылуу күчү жок чөйрөдө 3-5 эсе дагы көп көмүр кычкыл газын кычкылтекке айландыруу жөндөмүнө ээ экени аныкталды.

Бул табылга космостогу жабык чөйрөлөрдө жашоону колдоо системаларын өнүктүрүү жана узак мөөнөттүү космостук миссиялар учурунда космонавттарга керектүү кычкылтек менен камсыз кылуу үчүн маанилүү.



Тектеш кабарлар