Билимдин жогорку деңгээли менен карылыктын ортосундагы байланыш изилденди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Колумбия университетинин изилдөөчүлөрү 1948-жылдан бери 3 муундун 14106 катышуучусунун маалыматтарын изилдеп, билим берүүнүн карылыкка тийгизген таасирин талдоого алышкан.

2111304
Билимдин жогорку деңгээли  менен карылыктын ортосундагы байланыш изилденди

Билимдин жогорку деңгээли карылыктын басаңдашы менен байланыштырылышы мүмкүн экени аныкталган.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Колумбия университетинин изилдөөчүлөрү 1948-жылдан бери 3 муундун 14106 катышуучусунун маалыматтарын изилдеп, билим берүүнүн карылыкка тийгизген таасирин талдоого алышкан.

Бул маалыматтар менен алынган кан анализдерин колдонуп, изилдөөчүлөр ДНКны (Дезоксирибоза нуклеин кислотасы) изилдеген бир ыкманы колдонуу менен катышуучулардын карылык ылдамдыгын эсептөөгө аракет кылышты.

Үч муундан алынган маалыматтарды колдонуп, изилдөөчүлөр балдардын билим деңгээлин алардын ата-энелеринин билим деңгээли менен салыштырып, ошондой эле бир туугандардын билим деңгээлиндеги айырмачылыктарды изилдешкен.

Окумуштуулар билимге катышуучулардын ар бир кошумча эки жылында карылыктын темпи 2-3 пайызга басаңдап, өлүм коркунучун болжол менен 7 пайызга азайтарын аныкташкан.

Биринчи жолу билим деңгээлин биологиялык карылык жана жашоонун узактыгы менен байланыштырган изилдөө ата-энелерине караганда билим деңгээли жогору болгон катышуучулардын жашы жайыраак улгайаарын, узак жана ден-соолукта жашаарын көрсөттү.

«Framingham Heart Study» деп аталган изилдөө «JAMA Network Open» журналында жарыяланган.



Тектеш кабарлар