Кытай жаңы космостук аппараттарын тааныштырды

Кытай адам башкарган космостук экспедициялар агенттигинин (CMSA) билдирүүсүнө караганда, Айдын жаңы миссияларында колдонула турган ташуучу кеменин аты «Мингкоу», конуучу унаанын аты «Ланьюэ» болот.

2107112
Кытай жаңы космостук аппараттарын тааныштырды

Кытай 2030-жылы баштоону пландап жаткан Айга башкарылган миссияларында колдоно турган жаңы космос кемесин жарыялады.

Кытай адам башкарган космостук экспедициялар агенттигинин (CMSA) билдирүүсүнө караганда, Айдын жаңы миссияларында колдонула турган ташуучу кеменин аты «Мингкоу», конуучу унаанын аты «Ланьюэ» болот.

Аты кытайча «Кыял кемеси» дегенди билдирген Мингкоу Кытайдын космостук программасынын айга жана башка космостук миссияларга таиконавттарды ташуу үчүн жаңы персонал ташуучу кемеси катары колдонулат.

Эки моделде жасала турган Минчжоу Кытайдын өзүнүн космостук станциясына кызматкерлерди ташыган Шинкоу (ыйык кеме) челнокторун алмаштыруусу пландалууда.

Узундугу 9 метр, туурасы 4,5 метр жана салмагы 22 тонна болушу күтүлүп жаткан персонал учагы үч тайконавтты көтөрө алат.

Аты кытайча «Айды кучактап алуу» деген маанини туюнткан Ланьюэ конуучу аппараты эки бөлүктөн турат, бири Ай модулу, экинчиси от алдыруу модулу.

Салмагы болжол менен 26 тонна болушу күтүлүп жаткан конуучу аппарат Айдын бетине бир убакта эки тайконавтты жана салмагы 200 килограммга чейинки чалгындоо унаасын кондурууга багытталган.



Тектеш кабарлар