Мээсине чип орнотулган адам чычкан курсорун ой менен жылдырды

Америкалык CNBC каналынын интернет сайтында орун алган кабарга караганда Маск X социалдык медиа платформасында кошулган оозеки сүйлөшүү бөлмөсүндө (мейкиндиктерде) биринчи жолу мээге чип орнотулган адамдын абалы тууралуу билдирүү жасады.

2105081
Мээсине чип орнотулган адам чычкан курсорун ой менен жылдырды

Америкалык нейротехнологиялык Neuralink компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск мээсине чип орноткон адам компьютердин чычкан курсорун ой аркылуу башкара аларын жарыялады.

Америкалык CNBC каналынын интернет сайтында орун алган кабарга караганда Маск X социалдык медиа платформасында кошулган оозеки сүйлөшүү бөлмөсүндө (мейкиндиктерде) биринчи жолу мээге чип орнотулган адамдын абалы тууралуу билдирүү жасады.

Маск: «Оорулуу толугу менен айыгып кетти окшойт, биз билгендей эч кандай терс таасирлери жок жана чычканды (курсорду) башкара алат. Ал экранда чычканды ойлонуу менен эле кыймылдата алат»,-деп айтты.

Илон Маск 30-январдагы X социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө 28-январда Neuralink тарабынан чыгарылган чип биринчи жолу адамга киргизилгенин айтты.

Калыбына келтирүү процессинин жакшы жүрүп жатканын белгилеген Маск, алгачкы жыйынтыктардын «үмүттөндүрөөрлүк» болгонун белгиледи.

Маск биринчи Neuralink чыгарылышынын аталышынын «Телепатия» экенин жана алар аркылуу телефонду же компьютерди жана дээрлик ар бир аппаратты ойлонуу менен гана башкаруу мүмкүн экенин айтты.

2023-жылдын май айында Neuralink АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан (FDA) мээ чипинин долбоорун адамда сыноону баштоого уруксат алынганын жарыялаган.

Мурда маймылдарда сыналган чиптердин мээдеги сигналдарды ийгиликтүү чечмелеп, аппараттарга өткөрүп бергени белгиленген.

Маск жана бир топ инженерлер тарабынан 2016-жылы негизделген Neuralink мээге орнотула турган микрочиптер аркылуу шал жана сокурдук сыяктуу неврологиялык ооруларды дарылоону жана майыптардын жашоо сапатын жакшыртууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар