Дүйнөдө ачарчылыкка кабылган адамдардын орточо саны 735 миллион...

Отчеттун киришүү жыйынына видео билдирүү жөнөткөн БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш : «Эч ким ачка калбашы керек»,- деди.

2011024
Дүйнөдө ачарчылыкка кабылган адамдардын орточо саны 735 миллион...

2022-жылы дүйнөдө ачарчылыкка кабылган адамдардын орточо саны 735 миллион экени билдирилди.

Римде жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) институттары, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд (IFAD), Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) биргелешип даярдаган «БУУ 2023 Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу (SOFI)» отчету жарыяланды.

Отчеттун киришүү жыйынына видео билдирүү жөнөткөн БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш : «Эч ким ачка калбашы керек»,- деди.

Отчетто 2019-жылдан бери жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы, Украинадагы согуш жана климат шоктору сыяктуу көптөгөн кризистердин таасири менен ачарчылыкка кабылгандардын саны 122 миллионго жакын өскөндүгү белгиленди.

Өткөн жылы дүйнөдө 691-783 миллион адамдын ачкачылык менен күрөшкөндүгү жазылып, орточо көрсөткүч 735 миллион деп эсептелген.

2021-2022-жылдар аралыгында глобалдык ачкачылык саны токтоп турганы менен, дүйнөдө азык-түлүк кризиси тереңдеп жаткан көптөгөн жерлер бар экени айтылды.

Азияда жана Латын Америкасында ачарчылыкты кыскартуу боюнча прогресс байкалды, бирок 2022-жылы Батыш Азиянын, Кариб деңизинин жана Африканын бардык субрегиондорунда ачарчылык дагы эле көбөйүүдө, Африка эң начар жабыркаган аймак бойдон калууда.

Отчетто азыркы тенденция улана турган болсо, 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарында белгиленген «ачкачылыкты токтотуу» максаты ишке ашпай турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар