БУУ: «Дүйнө жүзү боюнча рекорддук ысык болушу мүмкүн»

ДМУнун отчетунда парник газдарынын эмиссиясы жана Эль-Нинодогу аба ырайы окуясы абанын температурасын дагы жогорулатканы айтылды.

1987786
БУУ: «Дүйнө жүзү боюнча рекорддук ысык болушу мүмкүн»

Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу Дүйнөлүк метеорология уюму (WMO) 2023-2027-жылдары дүйнөдө рекорддук абанын температурасы байкалаарын билдирди.

ДМУнун отчетунда парник газдарынын эмиссиясы жана Эль-Нинодогу аба ырайы окуясы абанын температурасын дагы жогорулатканы айтылды.

Отчетто 2023-2027-жылдардын арасында эң аз бир жылдын эң ысык жыл болушу жана 5 жылдын бардыгынын глобалдык аба температурасынын ысыктыгынын рекорддук деңгээлге жеткен мезгил болушуна 98% ыктымалдык бар экени белгиленди.

Жылдык орточо жер бетине жакын аба температурасынын 66 пайыздык ыктымалдык менен өнөр жай төңкөрүшүнөн мурункуга караганда эң аз 1,5 градус жогору боло турганы белгиленген отчетто 2027-жылга чейин глобалдык аба температурасынын рекорддук деңгээлге жетиши мүмкүн экени боюнча эскертилди.

Кабарда абанын температурасынын дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жаан-чачынга таасир эте ала турганы белгиленип, жаан-чачындын аймактарга жараша көбөйүшү же азайышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Отчетто парник газдарынын эмиссиясынын да океандардын жылынышына жана кычкылданышына, мөңгүлөрдүн эришине, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө жана аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө себеп болгону белгиленди.

Баяндамалары камтылган ДМУнун башкы катчысы Петтери Таалас рекорддук температура ден соолук, азык-түлүк коопсуздугу, суу ресурстарын башкаруу жана айлана-чөйрө үчүн чоң кесепеттерге алып келерин белгиледи.

Таалас мындай кесепеттерге даяр болууну эскертти.



Тектеш кабарлар