Испанияда биринчи жолу роботтук операция менен өпкө трансплантациясы жасалды

Басма сөз жыйынында Барселонадагы Валл д'Хеброн ооруканасында жасалган роботтук операциянын деталдары бөлүшүлдү.

1976143
Испанияда биринчи жолу роботтук операция менен өпкө трансплантациясы жасалды

Испанияда биринчи жолу роботтук хирургиянын жардамы менен бейтапка өпкө алмаштыруу операциясы жасалды.

Басма сөз жыйынында Барселонадагы Валл д'Хеброн ооруканасында жасалган роботтук операциянын деталдары бөлүшүлдү.

Өпкө трансплантациясынын көкүрөк астындагы кичинекей кесүү менен кабыргаларга зыян келтирбестен ийгиликтүү жасалганы жана операция толугу менен робот аркылуу жасалганы айтылды.

Операция февраль айынын аягында жасалып, 5 саатка созулганы белгилүү болду.

Оорукананын өпкө оорулары бөлүмүнүн башчысы Альберт Жауреги ушуга чейин Нью-Йорктогу Маунт Синай ооруканасында гана ушундай операция жасалганын, бирок ал жерде роботтук хирургия жарым-жартылай колдонулганын айтып, Валл-д'Хеброндогу роботтук хирургиянын пионер жана эл аралык масштабда бул техниканы алга жылдыруудагы жетишкендик болуп саналаарын айтты.



Тектеш кабарлар