Илимпоздор биринчи жолу сальто жасаган жыланды байкашты
Жыландын бул кыймылдары Малайзиядагы Сабах университетинин изилдөө тобу тарабынан байкалып, видеого тартылып алынды.
1971403
![Илимпоздор биринчи жолу сальто жасаган жыланды байкашты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b4c8/fd41/7a36/642fc9103c071.jpg?time=1719319994)
Илимпоздор эргежээл камыш жылан деп аталган жыландын түрүнүн жырткычтардан качуу үчүн аласалып секиргенин аныкташты.
Латынча Pseudorabdion longiceps деп аталган бул кичинекей жылан түрүнүн аласалып секирүүнү жырткычтардын багытын башка жакка буруу жана өзү тез качып кетиши үчүн колдонгондугу белгилүү болду.
Жыландын бул кыймылдары Малайзиядагы Сабах университетинин изилдөө тобу тарабынан байкалып, видеого тартылып алынды.
Biotropica илимий журналында жарыяланган изилдөөдө, сальто кыймылынын жыландарда биринчи жолу документтештирилгени белгиленди.