Ызы - чуулуу жол кыймылы кан басымын жогорулатышы мүмкүн

Транспорттордун үндөрү жолго жакын жерлерде жашагандардын кан басымын жогрулатышы мүмкүн экендиги атыкталды.

1967082
Ызы  - чуулуу жол кыймылы кан басымын жогорулатышы мүмкүн

Транспорттордун үндөрү жолго жакын жерлерде жашагандардын кан басымын жогрулатышы мүмкүн экендиги атыкталды.

Британияда Лестер университетинин изилдөөчүлөрү ызы-чуулуу жол кыймылы менен гипертониянын жогорулоо коркунучунун ортосунда байланыш бар экенин аныкташты.  Буга чейинки изилдөөлөр ызы-чуунун же абанын булганышы кан басымына кандай таасир этээри түшүнүксүз экенин ортого салган.

Бирок окумуштуулар жаңы изилдөөнүн келечектеги экологиялык саясатка таасирин тийгизе турган "оюнду алмаштыруучу" экенин белгилешүүдө.

Изилдөөчүлөр гипертониясы жок 40 жаштан 69 жашка чейинки 240 000ден ашуун адамдын маалыматтарын талдап чыгышты.

Жол кыймылынын ызы-чуусуна жакын жашаган адамдарда гипертониянын көбөйүү ыктымалынын жогору экендиги, бирок ошол эле учурда бул коркунучтун "ызы-чуунун дозасы" менен жогорулай тургандыгы аныкталды.

Лестер экологиянын абалы жана туруктуулук борборунан Сэмюэл Ю Кай 8 жылдык байкоо мезгилине негизделген изилдөөнүн Британиядагы узак мөөнөттүү жол ызы-чуусунун гипертонияга тийгизген таасирин түздөн-түз изилдеген биринчи изилдөө болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар