Суутектен электр энергиясын өндүрүүчү фермент табылды

Изилдөөчүлөрдүн бири Рис Гринтер билдирүүсүндө, «Huc» ферменти лабораториялык чөйрөдө изоляцияланып, бир электр чынжырына жайгаштырылганда электр энергиясынын пайда боло ала турганын аныкташкандарын айтты.

1957468
Суутектен электр энергиясын өндүрүүчү фермент табылды

Австралиялык окумуштуулар абадагы суутектен электр энергиясын өндүрө ала турган ферментти табышты.

Мельбурндагы Монаш университетинин илимпоздору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр «Huc» деп аталган ферменттин абадагы суутек молекулаларын электр энергиясына айландыра алаарын аныктады.

Изилдөөчүлөрдүн бири Рис Гринтер билдирүүсүндө, «Huc» ферменти лабораториялык чөйрөдө изоляцияланып, бир электр чынжырына жайгаштырылганда электр энергиясынын пайда боло ала турганын аныкташкандарын айтты.

Өндүрүлгөн энергиянын абадагы суутек катышынын аздыгынан улам кичинекей электрдик шаймандарды гана иштете ала турганын белгилеген Гринтер : «Чоңураак электрдик шаймандар үчүн энергия өндүрүү үчүн тышкы суутек булагына муктажбыз»,-деди.

Гринтер алар дагы эле изилдөөнүн алгачкы баскычында экенин, бирок ферментке көбүрөөк көлөмдө суутек берүү менен көбүрөөк электр энергиясын өндүрүү мүмкүн экенин белгиледи.

Потенциалдуу түрдө күйүүчү май клеткасы сыяктуу бир технология менен акылдуу сааттар жана телефондор үчүн жетиштүү электр энергиясы түзүлүшү мүмкүн экенин белгилеген Гринтер : «Биздин кыялыбыз абадан алган суутек менен өзүбүздү-өзүбүз жетиштүү электр энергиясын өндүрүү»,-деп баа берди.

Гринтер кийинки максаттарынын электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугун жогорулатуу жана инженерлер менен биргеликте фермент менен иштей ала турган бир аппаратты долбоорлоо экенин баса белгиледи.

Изилдөө Nature журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар