Жасалма интеллект менен иштелип чыккан Сovid-19 дарысынын клиникалык сыноолору башталды

Башкы кеңсеси Гонконгдо жайгашкан Insilico Medicine, ISM3312 терапиялык чыгарылышы, клиникага чейинки изилдөөлөрдө өпкөдөгү вирустук жүктөмдү жана сезгенүүнү «олуттуу кыскарткан» деп билдирди.

1953225
Жасалма интеллект менен иштелип чыккан Сovid-19 дарысынын клиникалык сыноолору башталды

Жасалма интеллект менен долбоорлонуп жана иштелип чыккан коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы биринчи дарынын клиникалык сыноолору башталды.

Башкы кеңсеси Гонконгдо жайгашкан Insilico Medicine, ISM3312 терапиялык чыгарылышы клиникага чейинки изилдөөлөрдө өпкөдөгү вирустук жүктөмдү жана сезгенүүнү «олуттуу кыскарткан» деп билдирди.

Канадалык илимпоз доктор Алекс Жаворонков өз билдирүүсүндө негиздөөчүсү жана башкаруучусу болгон компаниянын медицинада жасалма интеллект менен иштегенин белгилеп: «Генеративдик интеллект адамзаттын өнүгүүсүнүн бардык аспектилерин өзгөртүп жатат. Генеративдик интеллекттин жардамы менен өндүрүлгөн биздин экинчи кичинекей молекулалуу терапевттик препаратыбыз ачылыш жана өнүгүү циклин көрсөтүү үчүн абдан так убакыт графиги менен адамдык клиникалык сыноолорго киргенине кубанычтабыз»,-деди.

Жасалма интеллект менен иштелип чыккан Ковид-19 дарысынын клиникалык сыноолорунун биринчи жолу башталганына көңүл бурган Жаворонков, Кытайда ISM3312 терапевтикалык өнүмдөрдүн адамдарда клиникалык сыноолору баштала турганын билдирди.

Билдирүүдө бул дары SARS-CoV-2нин учурдагы жана келечектеги варианттарына гана эмес, башка коронавирустарга да каршы натыйжалуу болушу мүмкүн деп айтылган.



Тектеш кабарлар