Азербайжан Украинага жардам жиберди

Азербайжан Россия менен болгон согушта талкаланган электр инфраструктурасын калыбына келтирүүгө салым кошуу үчүн Украинага 45 трансформатор жана 50 генератор жөнөттү.

1917259

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Украинада  учурдагы кырдаалдан улам жабыркаган  аймактарды туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн  бул өлкөгө 45 трансформатор жана 50 генератордон турган жалпы баасы 1 миллион 422 миң манат (836 миң доллар) болгон гуманитардык жардамдын жөнөтүлгөнү билдирилди. 

Маалыматта Азербайжандын учурдагы кризистен кийин Украинага болжол менен 30 миллион манат (17,6 миллион доллар) наркында гуманитардык жардам бергендиги маалымдалды.

Орус аскерлери 24  -  февралда  Украинага каршы согуш ачкан. 

Тектеш кабарлар