Амасрада "тумарлуу мөөр" табылды

Пирамидалык мөөр түрүндөгү тумардын бийиктиги 2 сантиметр, пирамидалык формасы 0,9 сантиметр. Тумарда ылдыйга узатылган оң колдогу кылыч жана эки канат менен тамга сыяктуу түрдүү белгилер орун алган.

1904223
Амасрада "тумарлуу мөөр" табылды
amasra tilsimli damga muhur2.jpg
amasra tilsimli damga muhur1.jpg
amasra tilsimli damga muhur.jpg

 Бартын облусунун Амасра районунда жүргүзүлгөн Амастрис байыркы шаарындагы  куткаруу казууларында байыркы египеттиктерге таандык экендиги болжолдолгон тумар (талисмандык мөөр) табылды.

Пирамидалык мөөр түрүндөгү тумардын бийиктиги 2 сантиметр, пирамидалык формасы 0,9 сантиметр. Тумарда ылдыйга узатылган оң колдогу кылыч жана эки канат менен тамга сыяктуу түрдүү белгилер орун алган.

Бартын университетинин Адабият факультетинин археология бөлүмүнүн башчысы, доцент Фатма Багдатлы Чам тумардын биздин эранын 2 -  кылымына катталган жана мрамордон курулган Рим курулушунда табылган биринчи уникалдуу экспонат экенин айтты.

Тумардын төрт бурчтуу түптүү, үстүңкү бөлүгү пирамида формасындагы жана обсидиан ташынан жасалган бир экспонат экендигин айткан Чам төмөнкү маалыматтарды бөлүштү : «Пирамиданын  түбүндө чегүү ыкмасы менен тартылган Египет дининен тааныган Бес кудайынын фигурасынын орун алгандыгын көрүүгө болот. Чыгарманын  үстүңкү  бөлүгүндө  демотик деп аталган Египет дининдеги тамгалар менен тумарлуу сөздөр орун алган. Чыгарманын үстүндөгү тамгалар да коргонуу деген маанини билдирүүдө. Тумардуу зат катары мезгилинде бир кишинин жамандыктардан, оорулардан коргонуу же кандай мааниде коргонууну кааласа ошол мааниде алып жүргөн зат катары аныктай алабыз. Анадолуда казуу учурунда Рим катмарынан табылган бир гана үлгү экендигин айта алабыз».



Тектеш кабарлар