Осьминогдор динозаврларга чейин жашаган болушу мүмкүн

Окумуштуулар осьминогдордун динозаврларга чейин жашаган болушу мүмкүн экендигин айтышууда.

1792423
Осьминогдор динозаврларга чейин жашаган болушу мүмкүн

Окумуштуулар осьминогдордун динозаврларга чейин жашаган болушу мүмкүн экендигин айтышууда.

Изилдөөчүлөр АКШнын Монтана штатында 330 миллион жыл мурункусуна таандык цефалоподтун фоссилин табышты.

Учурда осьминогдордун 8 мүчөсү бар экени белгилүү болсо, 12 сантиметрлик фоссилдин 10 буту бар экени аныкталды.

Цефалопод фоссилинде,  осьминог түрүндө болгондой  жырткычтардан качуусуна жардам берген «сыя баштыкчасына окшош кээ бир калдыктардын» бар экени айтылууда.

Смитсон улуттук жаратылыш тарыхы музейинен зоолог Майк Векчионе : «Бул абдан кызыктуу ачылыш. Осьминог түрүнүн билингенден дагы мурда бар экендигин билдирет»,- деди.

Окумуштуулар табылган цефалоподдордун фоссилине АКШнын президенти Жо Байдендин атынан "Syllipsimopodi Bideni"  деп аташты.

"Syllipsimopodi Bideni" вампир кальмарларынын, ошондой эле осьминогдордун ата-бабалары болушу мүмкүн экендиги да айтылууда.

Изилдөөнүн жыйынтыгы Nature Communications журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар