Кытайда 3 000 жылдык курулуштун пайдубалы табылды

Кытайдын борбор шаары Пекинде 3 000 жыл мурда тыгыздаштырылган  топурак техникасы менен курулган бир курулуштун пайдубалы табылды.

1615853
Кытайда 3 000 жылдык курулуштун пайдубалы табылды

Кытайдын борбор шаары Пекинде 3 000 жыл мурда тыгыздаштырылган  топурак техникасы менен курулган бир курулуштун пайдубалы табылды.

Синьхуанын кабарына караганда  Пекин муниципалитетинин Маданий мурастар боюнча башкармалыгынын кызматкери Ван Цзин Фаншан аймагынын Лулихэ районунда болжол менен 700 метр квадраттык аянтта, топурак,  кум, чопо жана акиташ сыяктуу материалдарды аралаштырып жана тыгыздоо жолу менен алынган курулуш материалынан курулган курулуштун пайдубалы ортого чыгарылгандыгын айтты. Ванг пайдубалдын эң калың бөлүгү 1,62 метр экендигин белгиледи.

Курулуштун кеминде 4 катмарында адамдардын оңдоо иштерин жүргүзгөндүгүнө байланыштуу издердин бар экендигин айткан Ванг, казуу иштеринин эрте мезгилдеги   архитектура, курулуш структурасы жана аймактын тарыхын изилдөө үчүн абдан баалуу экендигин белгиледи.

Ванг казуу иштери жүрүп жаткан жерде шаардын дубалдары, сөөк коюлган жерлер менен сөөктөрдүн табылгандыгын билдирди.

2019-жылдан бери иликтөөлөр жана ачылыштар уланып жаткан Люлихэдеги казуу аянтчасынан жүздөгөн сөөк табылды. Тарыхы 3000 жылдык бул урандылар Пекинде шаар цивилизациясынын "эң алгачкы түздөн-түз булагы" деп эсептелет.

Люлихэ казуу  аймагынын Батыш Чжоу династиясынын тушунда Ян падышалыгынын борбору болгондугу болжолдолууда.



Тектеш кабарлар