Уюлдук телефондор чыгарган электромагниттик толкундар-мүмкүн болгон канцерогендер

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 20 жашка чейинки 400 миңден ашуун балдар жана өспүрүмдөр рак илдетине чалдыгышат.

1583469
Уюлдук телефондор чыгарган электромагниттик толкундар-мүмкүн болгон канцерогендер

Электромагниттик толкундар рак оорусун күчөтөт, айрыкча балдарда жана жаштарда.

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 20 жашка чейинки 400 миңден ашуун балдар жана өспүрүмдөр рак илдетине чалдыгышат.

Рак менен ооруган балдардын жашоо деңгээли кирешеси жогору өлкөлөрдө болжол менен 80 пайызга чейин жетсе, орто жана аз кирешелүү өлкөлөрдө 20 пайызга чейин төмөндөйт.

Лейкемия дүйнө жүзү боюнча балдардын рак оорусунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Бул оорудан кийин мээ жана борбордук нерв системасынын шишиктери, лимфомалар жана калкан сымал бездин рагы келет.

Адистердин айтымында, иондоштуруучу нурлануу балдардын рак илдетине чалдыгуусу үчүн кескин коркунучу бар. Иондоштуруучу нурлануу лейкемия жана калкан безинин рак оорусун жогорулатарын көрсөткөн көптөгөн изилдөөлөр бар.

Балалык лейкемия боюнча табылгалардын негизинде уюлдук телефондордо пайда болгон электромагниттик толкундар Эл аралык Ракты изилдөө агенттиги тарабынан «мүмкүн болгон канцерогендер» категориясына кирет.

Балдарга жана өспүрүмдөргө уюлдук телефонду колдонууну чектөө сунушталат, анткени алардын өмүр бою азыркы чоңдорго караганда радиожыштык электромагниттик талааларга көбүрөөк дуушар болушат.



Тектеш кабарлар