Ассирий дооруна таандык 3 миң жылдык мөөр табылды

Зерзеван чебинде жүргүзүлгөн  казууларда Ассирий дооруна таандык 3 миң жылдык мөөр жарыкка чыгарылды.

1292024
Ассирий дооруна таандык 3 миң жылдык мөөр табылды

Диярбакырдын Чынар районундагы Зерзеван чебинде жүргүзүлгөн  казууларда Ассирий дооруна таандык 3 миң жылдык мөөр жарыкка чыгарылды.

Райондон 13 чакырым алыстыктагы Демирөлчек мааласына жакын жерде орун алган Рим империясы мезгилинде аскердик жайгашуу катары колдонулган Зерзеван чебинде Маданият жана туризм министрлигинин координациясында башталган казуулар 5 жылдан бери уланууда.

Жалпы 60 дөнүмдүк аянтта 12-15 метр бийиктигинде жана 1200 метр узундугундагы чептин калдыгы 21 метр бийиктикте байкоо жана коргонуу чеби, чиркөө, башкаруу имараты, үйлөр, дан жана курал кампалары,жер астындагы сыйынуучу жайлар, баш калкалоочу жайлар, жар көрүстөндөрү,суу каналдары менен 54 суу сактагыч табылган чеп тарыхка жарык чачууда.

Быйыл жүргүзүлгөн иштерде Рим дооруна таандык 1700 жылдык жана Митхрас динине таандык жер астындагы ибадаткананын жанындагы аймакта 4 метр тереңдиктеги Ассирий дооруна таандык экени аныкталган 3 миң жылдык мөөр табылды.

Зерзеван чиркөөсү 1800 жылдык аскердик отурукташуу катары белгилүү.



Тектеш кабарлар