Күн системасында абдан узакта жаңы нерсе табылды

«Astronomical Journal» журналында орун алган табуунун Күн системасында алыста бир супер дүйнө жана Х планетасын издөө убагында болгону белгиленди.

1061859
Күн системасында абдан узакта жаңы нерсе табылды

Күн системасында абдан узакта учуп жүргөн нерсе табылды.

Карнеги илим институтунан Скотт Шеппард  менен Түндүк Аризона университетинде кызмат кылган Чад Трухильо жана Гаваи университетинен Дэвид Толен тапкан асмандагы нерсени «2015 TG387» деп атагандары белгиленди.

Күн системасынын кайсы жерде бүткөнүнүн кайрадан аныкталышын талап кылган табуу тууралуу кеңири маалыматтар Эл аралык астрономия биримдиги тарабынан жарыяланган.

«Astronomical Journal» журналында орун алган табуунун Күн системасында алыста бир супер дүйнө жана Х планетасын издөө убагында болгону белгиленди.

Плутондон абдан алыста орун алган 2015 TG387нин Күндөн алыстыгынын Күндүн борбору менен Жердин борборунун ортосундагы алыстыктын орто эсеп менен 80 кабаты болгонун жана абдан алыс орбитада айланганы маалымдалды.


Этикеткалар: #Күн системасында

Тектеш кабарлар