Жер шарына эң жакын болгон экинчи планета табылды

Жаңы планетага «Ross 128 b» деген ысым берилди

848235
Жер шарына эң жакын болгон экинчи планета табылды

Күн системасына жарым-жартылай жакын аралыкта жайгашкан, жылуу климаттагы жана Жер шарынын көлөмүндөй планета табылды.

Чилидеги Ла Силла обсерваториясында Харпс телескобунун (The High Accuracy Radial velocity Planet Searcher) жардамы менен аныкталган планетанын, Жер шарына 11 жарык жылы алыстыкта жайгашканы белгиленди.

Жер шарына эң жакын экинчи тышкы планета болгон жаңы табылгага «Ross 128 b» деген ысым берилди.

Астрономдор Ross 128 bнын жер бетинин жылуугунун Жер шарыныкына жакын болушу мүмкүн экенин ойлоп жатышат.

Эң жакын тышкы планета Proxima bнын, Ross 128 bге салыштырмалуу жашоо үчүн дагы ыңгайлуу шарттарга ээ экени белгилүү.



Тектеш кабарлар